Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын активи жана коомчулугу менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 28-сентябрда Бишкек шаарынын активи жана коомчулугу менен жолугушту.

“Суроо-жооп” форматында өткөрүлгөн жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы  жаңы автожолдордун, мектептердин, ооруканалардын, балдар бакчаларынын жана турак жайдын курулушуна, коррупцияга каршы күрөшкө, алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоолорго, Куралдуу күчтөрдөгү жана жогорку окуу жайларындагы  реформаларга тиешелүү шаардыктардын суроолоруна жооп берди.

Президент Алмазбек Атамбаев  Бишкек бардык  кызматтар  жашоочулардын алдында жоопкерчиликти сезген жана  шаардагы келип чыккан маселелерди ыкчам чечкен, жашоочулар үчүн эң ыңгайлуу болгон региондогу мыкты шаар болууга тийиш экендигин баса белгиледи. Мамлекет башчысы  Бишкекти жана анын инфраструктурасын өнүктүрүүгө олуттуу  каражат жумшалып жаткандыгын эскертип, өз кезегинде шаардыктар дагы борбор шаарыбызга мамилесин өзгөртүп, жоопкерчиликтүү болууга тийиш экендигин белгиледи.

Борбор шаардын жашоочуларынын суроолоруна жооп берип жатып, Президент Алмазбек Атамбаев  жакынкы эки жылдын аралыгында өлкөдө мектептердин жетишсиздик маселеси, анын ичинде Бишкек шаарында дагы толугу менен жоюлаарын маалымдады. “Авариялык абалдагы мектептерди реконструкциялоо жана зарыл болгон жерлерде жаңы мектептерди куруу проблемалары чечилет. Ага жумшалчу  каражат бар. Андан соң биз ооруканаларды жана поликлиникаларды колго алабыз”,-деди Мамлекет башчысы.

Балдар бакчаларынын тартыштыгы тууралуу маселеге келгенде Президент  өлкөдө мамлекет салыктардын бардык түрлөрүнөн бошотуу жолу менен жеке балдар бакчаларын  өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүп жаткандыгын белгиледи. ”Ошону менен катар Башкы прокуратурага мыйзамсыз сатылган балдар бакчаларын кайрадан мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча ишти акырына чыгаруу боюнча тапшырма берилди. Бирок  биз мамлекеттик мекемелерди гана карап олтурганыбыз болбойт.  Жеке балдар бакчалары ачылышы үчүн бардык шарттарды түзүү керек”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы ошондой эле жогорку окуу жайлар системасында  жүргүзүлүп жаткан реформаларга дагы токтолду. Учурда ЖОЖдор  бюджеттин эсебинен мамлекет дагы, коом дагы азыркы рынок шартында талап кылбаган адистиктер боюнча студенттерди кабыл алып, окутуп жаткандыгын баса белгиледи. “Мурда “тааныш боюнча” кызматка көтөрүлүү системасы бар эле, бирок азыр өлкөгө компетенттүү адистер керек”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Президент ошондой эле борбор шаарыбыздын территориясында  жерлерди мыйзамсыз трансформациялоо, курулуш жүргүзүү жана сатуу маселелерине дагы токтолуп өттү. Тактап айтканда  Башкы  прокуратура алдына конкреттүү милдеттер коюлгандыгын, учурда  бардык материалдарды тыкыр изилдп, кылмыш иштери козголо баштагандыгын кабарлады.

Мамлекет башчысы алдыдагы парламенттик  шайлоолор ачык-айкын жана калыстык принциптеринин негизинде өтөөрүн, зарылчылык чыкса  же шайлоо процессине катышуучуларда шектенүүлөр жаралса  партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен бюллетендер бир нече ирет кайра саналышы мүмкүн экендигин баса белгиледи. “Тилекке каршы,  көпчүлүк таза шайлоолорго, таза жана адилеттүү  жол менен атаандашууга  азырынча көнө элек. Ошондуктан  балким шайлоочулардын добуштарын сатып алууга аракеттер болушу ыктымал. Бирок  жарандар  бул шайлоолорго  өлкөбүздүн келечеги үчүн жоопкерчиликти жогору коюп, добуштарды сатууга жол бербеши керек”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Шаардыктардын суроолоруна жооп берип жатып Мамлекет башчысы ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын  бекемдөө боюнча улуттук экономиканы  өнүктүрүүгө жана мамлекеттин кирешесин көбөйтүүгө шарт түзчү логистикалык борборлорду куруу жана транспорттук коридорлорду түзүү боюнча  жасалып жаткан иштерге кеңири токтолду

2015-жыл 28-сентябрь