Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2015-жылдын  25-сентябрында өлкөбүздүн энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына өлкөнүн энергетикалык системасынын абалы жана  иши, ошондой эле «Датка-Кемин» 500 Кв электр линиясын эксплуатацияга киргизүүнү жана өлкөнүн газ бөлүштүрүү системасын этап-этап менен өнүктүрүүнү эске алуу менен,  алдыдагы жылуулук берүү  мезгилине  даярдык көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берилди. 

Кубанычбек Турдубаев  ошону менен бирге Кыргызстанда жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүүгө жана  өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун мындан ары бекемдөөгө багытталган ири энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев  жылуулук берүү мезгилин стабилдүү өтүш үчүн жана күз-кыш мезгилинде өлкөнүн энергетикалык системасынын ишенимдүү иштешин камсыз кылуу үчүн  бардык даярдык көрүү иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу зарылчылыгын баса белгиледи.

2015-жыл 25-сентябрь