Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Ирандын Президенти Хасан Рухани Президент Алмазбек Атамбаевди Курман айт майрамы менен куттуктады

Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Рухани Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

“Сизди  жана Кыргызстан элин жаркыраган Курман айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Адамзат тынчтыкка жана бейпилчиликке мурда болуп көрбөгөндөй муктаж болгон доордо биз биримдигибиздин, бир туугандыгыбыздын жана достугубуздун  аркасында кан төгүүлөрдү, зомбулукту жана экстремизмди ооздуктап, мусулман жана дүйнө коомчулугуна коопсуздукту жана бакубатчылыкты тартуулай алабыз деген ишенимимди билдирем.

Ушул ыйык майрам алдында Сизге ден-соолук жана ийгиликтерди, Кыргыз Республикасынын элине бак-таалай жана гүлдөп өнүгүү каалайм”,-деп белгиленет Ирандын Президенти Хасан Руханинин  куттуктоо телеграммасында.

2015-жыл 23-сентябрь