Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.
“Жеке өзүмдүн атымдан жана Түркия элинин атынан Сизди ыйык Курман айт майрамыңыз менен куттуктайм. Сизге чың ден-соолук жана бак-таалай, ал эми достук мамиледеги жана бир тууган кыргыз элине – тынчтык, бакубатчылык, бейпилдик жана гүлдөп өнүгүү каалайм”, - деп белгиленет Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын куттуктоо телеграммасында.