Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Президент Алмазбек Атамбаевди Курман айт майрамы менен куттуктады

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди Курман айт майрамы менен куттуктады.

“Бардык мусулмандардын ыйык майрамы болгон Курман айтка байланыштуу Сизге чын дилимден чыккан куттуктоолорумду жолдойм. Сизге чың ден-соолук жана бак-таалай, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине – тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелердин ийгиликтүү өнүгүшү  мындан ары дагы бардык мусулмандар арасында өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө өбөлгө болот деп терең ишенем”, - деп белгиленет Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун куттуктоосунда.

2015-жыл 23-сентябрь