Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Өзбекстандын Президенти Ислам Каримов Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримов Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

“Ыйык Курман айт майрамына байланыштуу чын жүрөктөн чыккан жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз. Ушул жаркыраган жакшы күндөрү Сизге чың ден-соолук, Кыргыз Республикасынын достук мамиледеги элине – тынчтык, өнүгүү жана бакубатчылык каалайм”,-деп белгиленет Өзбекстандын Президенти Ислам Каримовдун куттуктоо телеграммасында.

2015-жыл 23-сентябрь