Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл районунун жана Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларынын активи жана коомчулугу менен жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 2015-жылдын 23-сентябрында, Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ысык-Көл районунун жана Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларынын активи жана коомчулугу менен жолугушуу өткөрдү.

“Суроо-жооп” форматында өткөрүлгөн жолугушуунун башталышында Мамлекет башчысы жашоочуларды келе жаткан Курман айт майрамы менен куттуктады. Ысык-Көл облусунда  инфраструктура, айыл чарба жана туризм тармактарында ишке ашырылып жаткан долбоорлор, ошондой эле облусту өнүктүрүү боюнча мамлекеттин мындан аркы пландары тууралуу айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев кийинки жылы Ысык-Көл облусунда маанилүү эл аралык масштабдагы көп иш чаралар –  Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин кезектеги Саммити жана Көчмөндөрдүн дүйнөлүк экинчи  оюндары өткөрүлөөрүн маалымдады. Мамлекет башчысынын   сөзү боюнча  мына ушуга байланыштуу келерки жылы  Балыкчы шаарынан тартып Ысык-Көл районунун Бостери айылына чейинки автожолду толугу менен реконструкциялоо тууралуу чечим кабыл алынган.

Облустагы  инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кеп кылып келип, Мамлекет башчысы «Бишкек-Балыкчы-Казарман» альтернативдик автожолу  мындан кийин Ысык-Көлдүн  түштүк жээги аркылуу улантылаарын белгиледи. Ал эми Тамчы айылындагы аэропорт жакынкы жылдары   күнү түнү аба кемелерин кабыл алган толук кандуу эл аралык аэропортко  айланат.

Андан тышкары, Президент жакынкы аралыкта «Китай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу, ошондой эле  “түндүк-түштүк” альтернативалык автожолдун курулушунун аякташы Балыкчы шаарын  толук кандуу логистикалык борборго айлантаарын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына экологиялык проблемаларга, жумушсуздукка, жарандарды турак-жай менен камсыз кылууга, мектептердин, ошондой эле башка социалдык обьектилердин курулушуна жана ремонтуна байланыштуу суроолор берилди. Мектептердин жетишсиздиги тууралуу маселеге келгенде,Президент Алмазбек Атамбаев  жакынкы эки жылдын аралыгында  “Жерүй” кен байлыгын иштетүүгө укук берген лицензияны  сатуудан келип түшкөн  каражаттын эсебинен бардык авариялык абалдагы мектептер ремонттон өткөрүлүп, бир катар жаңы мектептер салынаарын белгиледи. Ошонун эсебинен өлкөдө мектептердин тартыштыгы маселеси  толугу менен чечилет.

Мамлекет башчысы ошондой эле   облустун жашоочуларына өлкөнүн энергетикалык, транспорттук көз карандысыздыгына, айыл чарбасын жана экономиканын бардык тармактарын өнүктүрүүгө багытталган Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан ири  долбоорлор туурасында айтып берди.

Жарандар берген суроолордун бардыгына Президент Алмазбек Атамбаев  толугу менен жооп берди.

Ушуну менен Мамлекет башчысынын Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапары соңуна чыкты. Бүгүн  түш оодарып, Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарына кайтып келет.

 

 

2015-жыл 23-сентябрь