Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Бактуу-Долоноту айылындагы дене тарбия-саламаттык чыңдоо комплексинин долбоору менен таанышып, Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо болду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 22-сентябрда Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ысык-Көл районундагы Бактуу-Долоноту айылындагы дене тарбия-саламаттык чыңдоо комплекси курула турган жерди көрүп чыкты.

Обьектти кыдыруу учурунда Кыргыз Республикасынын  архитектура, курулуш жана турак-жай чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов жалпы аянты 2 миң чарчы метрден ашуун келген үч кабаттуу дене тарбия-саламаттык сактоо комплексинин (ДСК) генпланынын долбоору менен  тааныштырды.

Бул ДСКнин имаратында  Көчмөндөр цивилизациясынын борбору дагы жайгашат.

Андан соң Президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарындагы келерки жылы Дүйнөлүк көчмөндөрдүн экинчи оюндары өткөрүлө турган ипподромду көрүп чыкты. Бул чоң майрамдын салтанаттуу ачылышына  Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин VI Саммитине келген ТМКК мүчө-мамлекеттеринин лидерлери катышаары болжолдонууда.

Ипподромду кыдырып чыккандан кийин Мамлекет башчысы  ипподромду реконструкциялоого жана модернизациялоого тиешеси бар мамлекеттик органдардын жетекчилерине тиешелүү тапшырмаларды берди.

Андан тышкары, Президент Алмазбек Атамбаев ипподромдун территориясын, автомашиналар токточу аймакты жана спорттук имаратка келчү жолдорду жакшылап көркүнө чыгаруунун маанисин баса белгилеп, ошондой эле ипподромго канатташ автожолдорду реконструкциялоонун жана кеңейтүүнүн зарылчылыгын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев  эл аралык иш чаранын бийик деңгээлине жооп бериш үчүн  курулуш жана ремонт иштерин алдын ала  баштап, аларды белгиленген  мөөнөттө  жана мыкты сапатта аткаруу боюнча  тапшырма берди.

2015-жыл 22-сентябрь