Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Башкыртстандын Башчысы Рустэм Хамитовду жана Россиянын бир катар облустарынын губернаторлорун кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 21-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Башкыртстан Республикасынын Башчысы Рустэм Хамитовду, Россия Федерациясынын Новосибирск облусунун губернатору Владимир Городецкийди, Оренбург облусунун гебернатору Юрий Бергди, Саратов облусунун гебернатору Валерий Радаевди жана Россия Федерациясынын Президентинин чет өлкөлөр менен региондор аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын начальниги Владимир Черновду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Кыргызстан менен Россиянын региондорунун ортосундагы түз байланыштарды жөнгө салуу жана кеңейтүү маселелери, ошондой эле  өлкөнүн Евразиялык  экономикалык бирлигине кошулуусунун контекстинде түрдүү тармактарда конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууну мындан ары өнүктүрүү перспективалары талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев эки өлкөнүн региондорунун ортосундагы тыгыз кызматташуу кыргыз-россиялык көп пландуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыты жана эки тараптуу өз ара аракеттенишүү комплексинин маанилүү бөлүгү болуп  саналаарын белгиледи.

Россия субьектилеринин башчылары Бишкекке Кыргыз-россиялык региондор аралык IV конференциясынын ишине катышуу үчүн келишкен. Конференцияга Кыргызстандын жана Россиянын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ишкерлер чөйрөсүнүн адамдары жана бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү  дагы катышат.

2015-жыл 21-сентябрь