Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 21-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин учурдагы ишмердигине тиешелүү, ошондой эле  өлкөнүн тышкы саясатындагы стратегиялык багыттарды мындан ары өнүктүрүүнүн түрдүү маселелери талкууланды.

Эрлан Абдылдаев  жакында Нью-Йорк шаарында өтө турган БУУ Генералдуу Ассамблеясынын юбилейлик 70 жылдык  сессиясына Кыргыз Республикасынын  делегациясынын катышуусу, ошондой эле башка делегациялардын башчылары менен пландаштырылган жолугушуулар жөнүндө  айтып берди.

Тышкы иштер министри ошондой эле  Президент Алмазбек Атамбаевдин Кытай Эл Республикасына, Иранга, Казакстан Республикасына  жана Тажикстан Республикасына жасаган сапарларынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү туурасында маалымдады.

Президент Алмазбек Атамбаев  достук байланыштарды чыңдоо жана кызматташууну, анын ичинде эл аралык уюмдардын алкагында өнүктүрүү, өлкөнүн  улуттук  жана экономикалык кызыкчылыктарын эске алуу менен гана ишке ашырылууга тийиш экендигин баса белгиледи.

2015-жыл 21-сентябрь