Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев БАЭ Вице-президенти жана Премьер-министри Мухамед Бин Рашид Аль Мактумга анын уулунун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти  Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүнүн атынан Бириккен Араб Эмираттарынын Вице-президенти жана Премьер-министри, Дубайдын Башкаруучусу Мухамед Бин Рашид Аль Мактумга уулу Рашид бин Мухаммед Аль Мактумдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына  байланыштуу көңүл айтты.

“Орду толгус оор жоготууга учурагандыңызга байланыштуу Сизге жана Сиздин жакындарыңызга терең кайгыруу менен көңүл айтам”, - деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

2015-жыл 21-сентябрь