Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын ишкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 2015-жылдын 19-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын ишкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

«Урматтуу Кыргызстандын ишкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын ишкерлер күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Бул күнү биз ишкердикке өмүрүн арнаган адамдардын салымын белгилейбиз. Өлкөбүздүн, жалпы адамзаттын тарыхы далилдеп тургандай, инсандын демилгеси, конкреттүү адамдын чыгармачыл дарамети коомдун бардык материалдык жана интеллектуалдык байлыгын жаратат.

Кыргызстандын ишкерлери – мамлекетти экономикалык жана социалдык өнүктүрүүнүн кубаттуу кыймылдаткычы. Сиздердин талыкпаган эмгегиңер жана күч-аракетиңер менен өлкөдө жаңы жумуш орундары, жаңы өндүрүштөр пайда болууда. Мыкты заманбап имараттар жана үйлөр курулуп жатат, кызмат көрсөтүү чөйрөсү өркүндөп, туризм жана соода өнүгүүдө. Мамлекеттин бюджети көбөйүп, социалдык милдеттенмелер аткарылууда.

Мамлекет ишкердик үчүн шарттарды жакшыртуу, жеке менчикти укуктук жактан ишенимдүү коргоону камсыз кылуу жана мыйзамдуу экономиканы чыңдоо, жеткиликтүү финансы ресурстарын табуу боюнча өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында белгиленген маанилүү милдеттерди так аткарат. Бүгүнкү күндө тышкы дүң продукттун 40 пайызын чакан жана орто бизнестин ишканалары камсыз кылып жатат.

Кыргызстандын Евразия экономикалык бирлигине кошулуусу менен өндүрүштү кайра жаңылоо, бизнес үчүн жаңы мүмкүндүктөр ачылууда. Финансылык кризиске карабай, ушул максат үчүн жеңилдетилген шарттарда финансы ресурстарын тартып жатабыз.

Кыргызстан бизнес үчүн жана  пайдалуу тышкы, ички инвестициялар үчүн абдан жагымдуу өлкө болушу керек. Биз жерибиздин бай мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө ачып берүүгө милдеттүүбүз. Мамлекет бизнести ийгиликтүү өнүктүрүү жана  өркүндөтүү үчүн бардык зарыл шарттарды түзөт. Өз кезегинде Кыргызстандын ишкерлери ишкердиктин жогорку беделин сактоого, дүйнөлүк үлгүдөгү жигердүүлүктү көрсөтүүгө умтулууга тийиш. Биргелешип, бир максатты көздөп иштеп, биз экономикалык жактан күчтүү жана социалдык жактан байгер Кыргызстанды курабыз!

Бардык ишкерлерибизге кааларым –  туруктуу өнүгүп, дүркүрөп өсө бергиле. Болжогон бизнес-долбоорлоруңар ишке ашсын. Ишиңерди ийгилик коштосун. Чың ден-соолук, бак-таалай жана жакшылыктарды каалайм. Кыргызстаныбыз тынчтыкта, биримдикте гүлдөп өнүгө берсин!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                 Алмазбек Атамбаев». 

2015-жыл 19-сентябрь