Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 18-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөбүздүн Улуттук банкынын төрагасы  Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын учурдагы ишмердүүлүгү, анын ичинде банк жана төлөм системасынын туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу, инфляциянын деңгээлин төмөндөтүү жана сомдун алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүшүнө жол бербөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук банк валюталык рыноктун жана өлкөдөгү макроэкономикалык кырдаалдын туруктуулугу үчүн мүмкүн болчу тобокелдерди азайтуу максатында Кыргызстандын негизги соода-экономикалык өнөктөштөрү болгон өлкөлөрдүн валюталык рыногундагы кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү күчөтүүгө тийиш экендигин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы  өлкөбүздүн Евразиялык экономикалык бирликке катышуусунун шарттарында экспортко багытталган ишканаларды өнүктүрүү үчүн валюталык рыноктун ырааттуу иштешинин өзгөчө маанисин белгиледи.

2015-жыл 18-сентябрь