Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарында курулуп жаткан суу резервуарынын курулушу менен таанышты

Бүгүн, 2015-жылдын 17-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы  А.Мамыров көчөсүндө курулуп жаткан суу резервуарынын курулушу менен таанышты.

Мамлекет башчысына  көлөмү  6 миң кубометрлик суу резервуары  келерки айда пайдаланууга берилээрин маалымдашты.

Президент Алмазбек Атамбаев бардык курулуш иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аяктоого милдеттендирип,  шаардыктарды таза суу менен камсыз кылууда бул системаны пайдаланууга берилишинин маанисин баса белгиледи.

 Иш сапары аяктаган соң Мамлекет башчысы Бишкек шаарына кайтып келди.

2015-жыл 17-сентябрь