Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарынын территориясындагы Алмалык поселогундагы палаталар шаарчасына барды

Бүгүн, 2015-жылдын 17-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы жер көчкү жүргөн Алмалык поселогундагы палаталар шаарчасында болду.

Мамлекет башчысына  поселоктогу 23 үй  жер көчкү алдында калуу коркунучуна туш келгенин маалымдашты. Учурда  бул үйлөрдүн жашоочулары  убактылуу палаталар шаарчасына көчүрүлгөн.

Жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарга жардам иретинде 50 миң сом өлчөмүндө кайтарылгыс материалдык  көмөк каралган. Андан тышкары,  үйлөрү жер көчкүнүн аймагында калган поселоктун жашоочулары 200 миң сом өлчөмүндө үстөк пайызы жок ссуда ала алышат. Ссуданы кайтарып берүү мөөнөтү 20 жыл. Бул туурасында  Президентке  өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов маалымдады.

Президент Алмазбек Атамбаев жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарга тез арада жер участокторун бөлүп берүү маселесин чечүү боюнча  тапшырма берип, Президенттин социалдык колдоо фондунан жабыр тарткандарга жаңы үйлөрдү курууга 5 млн. сом бөлөөрүн кошумчалады.

2015-жыл 17-сентябрь