Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

ЖККУ Башкы катчысы Николай Бордюжа Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2015-жылдын 17-сентябрында, Жамааттык коопсуздук  жөнүндө келишим уюмунун Башкы катчысы Николай Бордюжа  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында мындай деп белгиленет:

 “Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Туулган күнүңүз менен  чын жүрөктөн куттуктайм.

Кыргыз Республикасы Сиздин жетекчилигиңиз алдында, анын ичинде Жамааттык коопсуздук  жөнүндө келишим уюму  боюнча союздаштарынын колдоосуна таянып, өзүнүн саясый, экономикалык жана аскердик потенциалын ырааттуулук менен чыңдап келе жатат.

Жамааттык коопсуздук  жөнүндө келишим уюмунун ишмердигине Сиздин конструктивдүү салымыңызды,  уюмду мындан  ары консолидациялоого жана өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүгө умтулууңузду, Евразия мейкиндигинде тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча ЖККУнун демилгелерин активдүү колдоонуңузду жогору баалайбыз.

Ушул  жаркыраган күнү Сизге, урматтуу Алмазбек Шаршенович, Сиздин жакындарыңызга жана туугандарыңызга ден-соолук, бак-таалай жана ийгиликтерди каалайм.

Урматтоо менен,

ЖККУнун Башкы катчысы

Н.Бордюжа”.

2015-жыл 17-сентябрь