Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Виктор Христенко Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2015-жылдын 17-сентябрында, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын  төрагасы Виктор Христенко  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында мындай деп белгиленет:

 “Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Туулган күнүңүз менен  чын жүрөктөн куттуктайм.

2015-жылдын 1-январынан тартып Евразиялык экономикалык  бирлик  толук форматта, Евразия интеграциясынын өнүгүшүнүн сапаттык жактан жаңы тепкичи болуп  иштей баштады.

Кыргыз Республикасы  бирликтин толук  укуктуу мүчөсү болуп калды. Биз  чектөөлөрдү жана кенемтелерди жоюу,  экономиканын түйүндүү секторлорунда макулдашылган саясатты жүргүзүү жолуна чыгуу багытында алдыга  жылып баратабыз. Биз  кызмат көрсөтүү рыногун  акырындап либералдаштыруу боюнча  кыйла жылыш жасадык.

Тыгыз кызматташтык аркылуу мындан дагы татаал маселелерди чечебиз, Евразиялык экономикалык  бирликтин өлкөлөрүнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана атаандашууга жөндөмдүүлүгүн арттыруу жолунда мындан дагы  чоң жыйынтыктарга жетебиз, ал эми Кыргыз Республикасы   калыптанып жаткан бирдиктүү рыноктун артыкчылыктарын  толук пайдаланат деп ойлойм.

Евразиялык экономикалык комиссияда биз союздун  өлкөлөрүнүн атаандашууга жөндөмдүүлүгүн арттыруу үчүн  ЕАЭБ өнүктүрүү боюнча активдүү иштөөгө даярбыз.

Сизге  жана Сиздин жакындарыңызга ийгилик, чың ден-соолук, бакубатчылык жана бардык жакшылыктарды,  ошондой эле  Кыргыз Республикасынын  жыргалчылыгы үчүн  ийгиликтүү иштерди каалайм.

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын

төрагасы Виктор Христенко”.

2015-жыл 17-сентябрь