Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Башкыртстандын Президенти Рустэм Хамитов Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2015-жылдын 17-сентябрында, Башкыртстандын Президенти Рустэм Хамитов  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады.

“Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, Кыргызстандын чыныгы патриоту катары Сиз кадыр-баркка жана урматтоого татыктуу болдуңуз. Сиздин бай тажрыйбаңыз, жогорку компетенттүүлүгүңүз, кесипкөйлүгүңүз мындан ары дагы кыргыз элинин жыргалчылыгына  кызмат кылышына тилектешмин”,-деп айтылат куттуктоодо.

Рустэм Хамитов  Алмазбек Атамбаевке чың ден-соолук, жакшылыктарды жана ийгиликтерди каалады.

2015-жыл 17-сентябрь