Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кызыл-Кыя шаарындагы территориалдык оорукананын төрөт бөлүмүндө болду

Бүгүн, 2015-жылдын 17-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кызыл-Кыя шаарындагы территориалдык оорукананын  төрөт бөлүмүндө болду.

Мамлекет башчысы   төрөт бөлүмүнүн медициналык кызматкерлери жана  бөлүмдө төрөгөн, дарыланып жаткан аялдар менен жолугушту.

Президент Алмазбек Атамбаев   Кызыл-Кыя шаарындагы территориалдык оорукананын   бөлүмүн жалпы суммасы 3,5 млн. сомдук керектүү жабдуу менен камсыз кылууга тапшырма берди.

Ошондой эле Мамлекет башчысы  Кызыл-Кыя шаарында эки балдар аянтчасын жана бир  ири спорт комплексин куруу боюнча тапшырма берди. 

2015-жыл 17-сентябрь