Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кадамжай районундагы Пульгон айылында оорукананын курулушунун жүрүшү менен таанышты

Бүгүн, 2015-жылдын 17-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кадамжай районундагы Пульгон  айылындагы территориалдык оорукананын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчысы  үстүбүздөгү жылы аяктай турган курулуш обьектин кыдырып чыкты. Оорукана 150  орунга  ылайыкталган. Оорукананын бир корпусунун жалпы сметалык наркы 88 млн сомдон ашуун.

Президент Алмазбек Атамбаев  обьекттин курулушун белгиленген мөөнөттө аяктоонун зарылчылыгын белгилеп, оорукананын курулушун тездетүүгө тапшырма берди.

2015-жыл 17-сентябрь