Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кадамжай районундагы Бүргөндү массивин өздөштүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты

Бүгүн, 2015-жылдын 17-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кадамжай районундагы Бүргөндү массивиндеги курулуштар жана өздөштүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты.

Бүргөндү массиви 2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасын   туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына ылайык стратегиялык иригациялык обьектилердин бири болуп саналат. Долбоордун жалпы сметалык наркы 486 млн. сом. Каналдын узундугу 114 км. Азыркы учурда обьект 90 % өздөштүрүлгөн.

Бул долбоордун аркасында Кыргызстанда  кошумча 3,5 миң гектар сугат жери пайдаланууга берилет. Обьектти  пайдаланууга берүү үстүбүздөгү жылдын 10-декабрына пландаштырылган.

2015-жыл 17-сентябрь