Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине көп квартиралуу үйдү тапшыруу салтанатына катышты

Бүгүн, 2015-жылдын 17-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Баткен шаарында укук коргоо кызматкерлери үчүн курулган 24 квартиралуу үйдү пайдаланууга берүү салтанатына катышты. 

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы бүгүн милиция кызматкерлеринин 24 үй-бүлөсү квартиралуу болгондугун белгиледи. “Бирөөлөрдүн үйүндө ижарада жашаш кандай  кыйын экендигин жакшы билем. Ошондуктан мага да  бул окуя абдан чоң кубаныч”,- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев үстүбүздөгү жылы  күч структураларынын кызматкерлери үчүн көп квартиралуу  бир топ үйлөр пайдаланууга берилгендигин эске салды. “Бул иш ушуну менен токтоп калбайт. Бишкекте дагы милиция кызматкерлери үчүн үйдү аяктоо пландаштырылууда. Мындан ары өлкөбүздө  мындай окуялар көп болот. Анткени  мамлекет  өлкөбүздө коомдук тартипти жана калктын коопсуздугун камсыз кылгандар үчүн  жакшы шарттарды түзөт. Мурдагы  бийлик милиционерлерге татыктуу айлык да, үй да берген эмес. Андан тышкары милиционерлердин күчүн митингдерде тынч калкка каршы пайдаланышкан. Эми андай болбойт. Өлкөдө андай бийлик болбошу керек”, - деди Президент.

Мамлекет башчысы белгилүү бир укуктарга ээ болуп, чөнтөгүндө курал алып жүргөн милиционерлердин жашоо шарты жакшы болбосо,  ал жагдай түрдүү мыйзам бузууларга  түртүшү ыктымал экендигин белгиледи. “Бирок акыркы жылдары мамлекет күч структураларынын кызматкерлерине мамилесин өзгөрттү.  Биз  мамлекет  күч структураларынын кызматкерлерине бардык  шарттарды түзгүдөй стандарттарды белгиледик. Аларга карата мамиле  жаңы президент, жаңы парламент, жаңы өкмөт келсе дагы мына ушундай болот”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев  башталган долбоорлор жакшы жыйынтыктарды бере баштаганын белгиледи. “Силер оор шарттарда иштеп жатасыңар, бирок кыйынчылык мезгилдер артта калды. Эми өлкөбүздө кырдаал башкача болот”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы өлкөдө өзүбүздүн энергетикалык алкакчабыз  түзүлгөнүн, ошону менен республикабыз энергетикалык көз карандысыздыкка жетишкендигин эске салды. Андан тышкары  бир катар стратегиялык автомобиль жолдорун куруу долбоорлору ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Сөзүнүн соңунда Президент милиция кызматкерлерин жаңы конушу менен куттуктап, бак-таалай, чың ден-соолук жана узак өмүр каалады.

 

 

2015-жыл 17-сентябрь