Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2015-жылдын 17-сентябрында, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы  Дмитрий Медведев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында мындай деп белгиленет:

 “Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн атынан жана өзүмдүн атымдан Сизди туулган күнүңүз менен  куттуктайм.

Сиздин жетекчилигиңиз алдында Кыргызстанды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн масштабдуу  программасы ишке ашырылып жатат. Республиканын  бардык  региондорунда ири өнөр жайлык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу күч алууда.

Россия менен Кыргызстанды  байланыштырган  достук жана союздаштык мамилелерин чыңдоого Сиздин салымыңызды жогору баалайбыз. Сиз  өзүңүз  көңүл бурганыңыз үчүн  энергетикада, транспорттук тармакта жана башка чөйрөлөрдө кызматташууну арттыруу боюнча биргелешкен активдүү иштер жүргүзүлүүдө. 2015-жылдын августунда эки тараптуу  экономикалык кооперацияга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартуулаган Кыргызстандын Евразиялык Экономикалык бирликке кошулуу процесси аяктады.

Сиз менен өткөргөн дайыма конструктивдүү,  ишеним жараткан маанайдагы жолугушууларды ичим жылып эскерем. Кызыктуу жана пайдалуу мамилелерди улантууга  кызыкдармын.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Сизге чың ден-соолук,  Сиздин жооптуу мамлекеттик ишмердигиңизге жаңы ийгиликтерди каалайм.

Эң жакшы каалоолор менен,

Дмитрий Медведев”.

2015-жыл 17-сентябрь