Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Украинанын Президенти Петр Порошенко Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2015-жылдын 17-сентябрында, Украинанын Президенти Петр Порошенко  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Петр Порошенко достук жана өз ара пайдалуу өнөктөштүк эки өлкөнүн элдеринин байгерчилиги үчүн Украина менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы көп пландуу кызматташууну кеңейтүүгө  өбөлгө болооруна ишенимин билдирди.

Украинанын Президенти Кыргызстандын Президентине чың ден-соолук, бакубатчылык жана жооптуу  мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди, достук  мамиледеги кыргыз элине  - тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

2015-жыл 17-сентябрь