Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2015-жылдын 17-сентябрында, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Ильхам Алиев Азербайжан менен Кыргызстанды көп кылымдык достуктун жана өз ара жардамдашуунун тыгыз негиздери байланыштырып тургандыгын белгилейт. Азербайжандын Президенти эки мамлекеттин биргелешкен аракеттери  мындан ары дагы  ушул жакшы мамилелерди өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталаарына ишенимин билдирген.

Ильхам Алиев Алмазбек Атамбаевге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана  боордош Кыргызстан элинин жыргалчылыгына багытталган мамлекеттик  ишмердигине ийгиликтерди каалады.

2015-жыл 17-сентябрь