Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Өзбекстандын Президенти Ислам Каримов Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2015-жылдын 17-сентябрында, Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримов Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Ислам Каримов жакшы коңшулаштык принциптерине берилгендик, өз ара урматтоо жана бири биринин кызыкчылыктарын эске алуу  мындан ары дагы  Өзбекстан менен Кыргызстандын элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу мамилелерди колдоонун жана кеңейтүүнүн солк этпес негизи болооруна ишенимин билдирди.

Өзбекстандын Президенти Кыргызстандын Президентине чың ден-соолук, ишмердигине ийгиликтерди, ал эми  Кыргызстан элине – тынчтык жана бакубатчылык каалады.

2015-жыл 17-сентябрь