Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2015-жылдын 17-сентябрында, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Нурсултан Назарбаев  Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги  алдында  Кыргызстан саясый туруктуулукка жана экономикалык жактан өнүгүүгө жетишип, эл аралык жана регионалдык аренада кадыр-баркка ээ болду.

“Кыргызстандын  Евразиялык Экономикалык Бирликке кошулуусу жалпысынан өлкөнүн өнүгүшүнө катуу  түрткү берип, кызматташуубузга кошумча дем берет деп ишенем.

 Эки өлкөнүн ортосундагы достукка  жана өз ара жардамдашууга негизделген стратегиялык кызматташуу бир тууган элдерибиздин кызыкчылыгында мындан ары дагы өнүгө берет деп  терең ишенем”,- деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Нурсултан Назарбаев Алмазбек Атамбаевке чың ден-соолук жана жооптуу ишинде ийгиликтерди, ал эми бир тууган кыргыз элине – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

2015-жыл 17-сентябрь