Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Россиянын Президенти Владимир Путин Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2015-жылдын 17-сентябрында, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында мындай деп белгиленет:

 “Президенттик кызмат өтөгөн жылдары Сиз  мекендештериңиздин арасында зор сый-урматка, ошондой эле эл аралык бийик кадыр-баркка жетиштиңиз.

Эки тараптуу негизде дагы, көп тараптуу регионалдык кызматташуунун алкагында дагы россиялык-кыргыз  достук байланыштарын өнүктүрүүгө Сиздин кошкон  жеке салымыңызды ашыра баалоого мүмкүн эмес, бул жагынан алганда Кыргыз Республикасынын Евразиялык Экономикалык Бирликке кошулуусу өзгөчө мааниге ээ.

Ортобузда  калыптанган конструктивдүү, иштиктүү мамилелерди жогору баалайм. Мазмундуу  катышыбызды жана  өлкөлөрүбүздүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн тыгыз иштешүүбүздү улантабыз деп ишенем.

Чын жүрөктөн Сизге чың ден-соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык жана мындан ары дагы ийгиликтерди каалайм.

Урматтоо менен,

В.Путин”.

2015-жыл 17-сентябрь