Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев иш сапар менен Тажикстанга жөнөп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-сентябрда, иш сапар менен Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарына жөнөп кетти.

Иш сапардын алкагында Мамлекет башчысы   Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун  (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу  жолугушууларды өткөрөт.

2015-жыл 14-сентябрь