Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеваны кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-сентябрда Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеваны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын структуралык бөлүмдөрүн кайрадан түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштин жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди. Бул иштин алкагында мамлекеттик жогорку окуу жайлардагы бирин-бири кайталаган юридикалык тараптар жоюлуп, окутуучулардын айлык акысын жогорулатууга жана коррупциялык тобокелчиликтерди азайтууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.  

 Андан тышкары, Эльвира Сариева мамлекеттин билим берүү тармагына жана кадрларды даярдоого жумшаган каражатын так көзөмөлдөө максатында жождордогу бюджеттик орундарды бөлүштүрүү системасын иретке салуу багытында аткарылган иш-аракеттер тууралуу айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда атаандаштыкка туруштук берип, сапаттуу билим бере ала турган окуу жайлары үчүн зарыл шарттарды түзүү зарылдыгын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы министр Эльвира Сариева менен алдыда турган мугалимдердин айлыгын көтөрүү маселесин, билим берүү тармагындагы жаңы объектилерди куруу жана авариялык абалдагы окуу жайларды оңдоо ишинин жүрүшүн талкуулады.

2015-жыл 14-сентябрь