Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев жарандардын курман болушуна алып келген «Аль-Харам» мечитиндеги трагедиялуу кырсыкка байланыштуу Сауд Арабиясынын Королуна көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-сентябрда «Аль-Харам» мечитиндеги трагедиялуу кырсыктын кесепетинен көптөгөн жарандардын каза болуп жана жаракат алгандыгына байланыштуу  Сауд Арабиясынын Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Саудга көңүл айтты.

“Каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына  терең кайгыруу менен кайрат  айткан сөздөрүмдү, ошондой эле  бардык жабыркагандар тезирээк сакайып кетишин кааларымды билдирип коюуңузду өтүнөм”,- деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында. 

2015-жыл 12-сентябрь