Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин V саммитинин жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев,  бүгүн, 2015-жылдын 11-сентябрында, Казакстан Республикасынын  Астана шаарында өтүп жаткан  Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин V саммитинин жыйынына катышты.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы Саммитти жогорку деңгээлде уюштургандыгы, меймандостугу үчүн Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевге ыраазычылык билдирип, Казак хандыгынын 550 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Президент  өткөн жылы Саммит Түркиянын Бодрум шаарында өткөндүгүн эске салды. “Эми биз  Астана шаарында жолугуп жатабыз. Түрк  тилдүү мамлекеттер кеңешинин саммити бир тууган элдерибиздин биримдигинин жана шериктештигинин иш жүзүндөгү далили болуп калды.”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы белгилегендей, түрк элдери – кайталангыс маданий жана руханий дөөлөттөргө бай байыркы элдерден. “Биздин тарыхыбыз бир, маданиятыбыз тамырлаш. Буйруса, келечегибиз да  бир болот деп ойлойм”,-деди Президент.

Президент Алмазбек Атамбаев V Саммит маалымат чөйрөсүндө кызматташууга арналгандыгын баса белгиледи. Президент бул тема өз ара мамилелерди жакшыртууга, маданий жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө жол ачат деген ишенимин билдирди. “Азыр биз тынчы жок заманда жашап жатабыз. Дүйнөнүн  түрдүү аймактарында коогалаңдар чыгып жатат. Мындай шарттарда биз – тамырыбыз бир элдер бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып жашаганыбыз туура деп эсептейм. Биздин кызматташуубузду тереңдетчү, байланыштарыбызды бекемдечү жолдор көп”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы коллегаларынын көңүлүн азыркы информациялык технологиялар  күч алган, маалыматтык согуштардын жана маалыматтык терроризмдин мезгилинде  түрк тилдүү мамлекеттер маалыматтар тармагында кызматташууну мындан дагы тереңдетип, кеңейтүү зарылчылыгына  бурду. Президенттин пикири боюнча ”Эл аралык түрк каналын” түзүү сыяктуу долбоорлор маалыматтык аймагыбызды байытууга көмөктөшөт. “Информациялык технологиялар жана каражаттар күч алган шарттарда  түрк тилдүү мамлекеттер  маалыматтык аймакта тыгыз кызматташууга тийиш”,-деп Алмазбек Атамбаев,  Кыргызстан  эл аралык мамиледе  ар бир өлкөнүн территориалдык бүтүндүк принцибин туу тутаарын белгилеп өттү.

Президент Алмазбек Атамбаев белгилегендей, жыл өткөн сайын ТМККнын негизи бекемделип жатат. Мамлекет башчысы Түрк академиясынын, Түрк мурастарынын фондунун түзүлгөндүгүн эске салды.  “Өткөн жылы Сиздердин колдооңуздар менен кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде  биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрдүк. Башка чөйрөлөрдө  дагы бир катар долбоорлор ишке ашырылып жатат. Ар бир саммиттибиз өткөн сайын кызматташуубуздун мазмуну тереңдеп, байланышыбыз чыңдалууда. Мына бүгүн Көчмөндөр цивилизациясынын борборун түзүү боюнча макулдашуга жетиштик”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Көчмөндөр цивилизациясынын борбору –  көчмөндөр маданиятынын  эл арасында жашап жаткан дөөлөттөрүн кайра жандандыруу, байыркы ата-бабаларыбыздын жашоосун терең билип, көчмөндөрдүн  азыркы салт-санаасын эл арасына жайылтууга,  түрк элдери аздектеген оюндарды өнүктүрүп өөрчүтүүгө өбөлгө түзөөрүн чечмеледи. “Биз өткөн тарыхыбызды, өз башатыбызды жакшы билишибиз керек. Бүгүн биз –  түрк тилдүү элдердин урпактары жүрөгүбүздө ата-бабаларыбыздын рухун, духун, атуулдук сезимин жандандырууга милдеттүүбүз. Эгер бабаларыбыздын баалуулуктарын эстеп, бирге, ынтымакта жашаганды үйрөнсөк, тарыхыбызды, түпкүлүгүбүздү эстесек, анда сөзсүз жаркын, улуу келечекке ээ болобуз”,-деп билдирди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы кийинки жылы уюмдагы төрагалык Кыргызстанга өтөөрүн баса белгилеп, кийинки саммитти  Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөрүүнү сунуш кылды. ”Кийинки Саммитти улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүү урааны  алдында өткөрсөк деген сунуш бар. Ушуну менен биз    боордош элдерибизди жакындаштырып, улуттук спорт оюндарын өнүктүрүүнү карай дагы бир кадам жасайбыз,”,- деди Президент.

Президент Алмазбек Атамбаев кийинки саммиттин алкагында Ысык-Көлдүн жээгинде Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндарын өткөрүүнү болжолдоп жаткандыгын билдирди.

Сөзүнүн соңунда  Мамлекет башчысы Түрк  тилдүү мамлекеттердин кызматташуусу жакшы натыйжаларды берип, боордош элдерибиздин байланышын тереңдетип, достугун арттырат деген ишенимин б..

Түрк тилдүү мамлекттердин кызматташуу кеңешинин мамлекет-мүчөлөрүнүн Мамлекет башчылары ТМКК кийинки VI Саммитин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөрүү тууралуу чечимди колдоого алышты.

2015-жыл 11-сентябрь