Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин “2015-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине демократиялык жана адилеттүү шайлоо өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө” чечими

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек  Атамбаевдин төрагалыгы алдында  2015-жылдын 10-сентябрында Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлгөн. Жыйынды  башка маселелер менен катар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине боло турган шайлоолорго даярдык көрүү маселелери дагы каралган.

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин “2015-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине демократиялык  жана  адилеттүү  шайлоо  өткөрүү боюнча  чаралар жөнүндө”  чечими  толугу менен келтирилет:

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине боло турган алдыдагы шайлоо  –Кыргызстандын саясий жана социалдык-экономикалык андан ары өнүгүүсүн аныктоочу негизги саясий окуя. Шайлоону ачык-айкын жана таза өткөрүү үчүн шайлоо процессиндеги гана эмес, кыргызстандыктардын күнүмдүк турмушундагы бурмалоолордун жана алдамчылыктардын коркунучун олуттуу чектеген жаңы технологияларды пайдалануу менен өткөрүү тууралуу биринчи жолу чечим кабыл алынды.

Бүгүнкү күндө, сакталып калган тышкы аскердик-саясий коркунучтар, ошондой эле Кыргызстандын элинин кызыкчылыктарына карама-каршы келген максаттарды көздөгөн ички күчтөр болгон шарттарда мамлекет үчүн шайлоону таза өткөрүү улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү биринчи кезектеги милдет болуп саналат. Өлкөнүн бүтүндүгүн жана Кыргыз Республикасынын көп улуттуу элинин биримдигин сактап калуу максатында мамлекеттик бийлик институттары ыплас шайлоо практикасын түп-тамырынан бери чечкиндүүлүк менен ырааттуу жоюуга жана шайлоо мыйзамын бузган адамдарды ээлеген мамлекеттик кызмат ордуна, кайсы партиянын мүчөсү экендигине  жана коомдогу абалына карабастан жоопко тартууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине боло турган шайлоонун мамлекетти мындан ары куруудагы маанилүүлүгүн көңүлгө алып, жарандардын өз эркин адилеттүү жана көз карандысыз билдирүүсүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши чечим кабыл алды:

1.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы  Т.Д. Абдраимовдун, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Т.Д. Сарпашевдин маалыматы эске алынсын.

2.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү бийлик органдары төмөнкүлөр боюнча чараларды көрсүн:

– бардык даярдык көрүүчү, шайлоодогу жана шайлоодон кийинки башкаруу чечимдеринин жана процесстеринин колдон келишинче ачык жана айкын болушуна жетишүү максатында шайлоо процессин камсыз кылган мамлекеттик институттардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле жарандарды шайлоого катышууга же катышпоого мажбурлоо максатында аларга таасир этүүнүн же алардын өз эркин көз карандысыз билдирүүсүнө башкача таасир тийгизүүнүн  кандай болбосун формаларын болтурбоо;

– таза жана адилеттүү шайлоо өткөрүү үчүн биометрикалык маалыматтарды жана автоматтык эсептөөчү урналарды пайдалануунун артыкчылыктары жөнүндө шайлоочулардын арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү;

– шайлоого катышкан саясий партиялардын арасында шайлоонун техникалык жана башка жол-жоболору боюнча, анын ичинде добуш берүүнүн натыйжаларын текшерүүнүн кеңири мүмкүндүктөрү боюнча түшүндүрүү иштерин өткөрүү;

– шайлоо процессине тартылган адамдардын жана жабдуулардын шайлоо күнү үзгүлтүксүз, шайкеш жана ишенимдүү иштөөсүнүн, ошондой эле жарандардын биометрикалык маалыматтарынын коопсуздугун жана сакталышын камсыз кылуунун маселелерин чечүү жана бар болгон техникалык жана уюштуруу көйгөйлөрүн жоюу.

3.Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

– шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын мыйзамдарды аткаруусун, атап айтканда  шайлоо процессинин түрдүү катышуучулары тарабынан ыплас технологияларды колдонуусун жана бурмалоону, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түз линияларына (телефондук жана Интернеттен) келген даттанууларга, ошондой эле жалпыга маалымдоо каража...

4.Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кабыл алынган “2015-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине демократиялык жана адилеттүү шайлоо өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө” чечими жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

5.Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын  Президенти –

Коргоо кеңешинин төрагасы    А. Ш. Атамбаев

Кыргыз Республикасынын

Коргоо кеңешинин катчысынын

биринчи орун басары     К. К. Орузбаев».

2015-жыл 11-сентябрь