Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Казак хандыгынын 550 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйынга катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-сентябрда иш сапар менен Казакстан  Республикасынын Астана шаарына келди.

Мамлекет башчысы Казакстан Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Казак хандыгынын 550 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйынга катышты. Мамлекет башчыларынын катышуусундагы салтанат Астана шаарындагы Көз карандысыздык  Ак сарайында өттү.  

Бүгүн Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин V Саммитине катышат, анда мамлекеттер аралык ар кыл тармактагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү маселелери талкууланат.

2015-жыл 11-сентябрь