Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: «Биз таза жана ачык шайлоолорду камсыз кылууга милдеттүүбүз, шайлоолордун жыйынтыгы жарандарда шек туудурбашы керек»

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек  Атамбаевдин төрагалыгы алдында  бүгүн, 2015-жылдын 10-сентябрында Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлдү. 

Коргоо кеңешинин  күн тартибиндеги экинчи маселе  “ар түрдүү” деп белгиленген. Кеңештин мүчөлөрү КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшүн талкуулашты.

Бул маселе боюнча Коргоо  кеңешинин  жыйыныны катышуучулары Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун жана Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевдин докладдарын угушту.

Туйгунаалы Абдраимовдун айтымында парламенттик шайлоолорго даярдык көрүү боюнча иштер аяктоо алдында турат. Учурда  шайлоочулардын тизмесин түзүү жана участкалык шайлоо комиссияларын даярдоо  процесси жүрүп жатат.

Тайырбек Сарпашевдин маалыматы боюнча  учурда шайлоочулардын тизмеси 2 млн. 614 миң адамдан ашты. “Шайлоочуларды идентификациялоону  масштабдуу тестирлөө боюнча жумуштар бардык жерлерде жүргүзүлүп жатат”,- деп маалымдады биринчи вице-премьер министр, бул багыттагы иштер аяктоо алдында тургандыгын кошумчалады.

Ошону менен бирге Тайырбек Сарпашев жана Туйгунаалы Абдраимов  жакынкы аралыкта жоюла турган  айрым бир техникалык мүнөздөгү мүчүлүштүктөр бар экендигин белгилеп өтүштү.

Талкуунун жүрүшүндө Коргоо кеңешинин мүчөлөрү  докладчыларга суроолорду берип, өз пикирлерин жана сунуштарын айтышты.

Өкмөттүн,  Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилери  бардык маселелер  жакынкы аралыкта чечилет, шайлоолор жакшы деңгээлде өтөт деп  ишендиришти.

Президент Алмазбек Атамбаев парламенттик шайлолорду максималдуу  ачык жана таза өткөрүү үчүн Өкмөт Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүгө байланыштуу бардык маселелерди чечүүгө тийиш экендигин баса белгиледи.  “Өкмөт жетекчилери  персоналдуу жоопкерчилик  тартат. Биз  таза жана ачык шайлоолорду камсыз кылууга   милдеттүүбүз,  шайлоолордун жыйынтыгы жарандарда  шек туудурбашы керек. Бийликке  эл шайлаган, элдин ишенимине татыктуу болгон адамдар келиши керек”,- деди Алмазбек Атамбаев. 

Мамлекет башчысы  2010-жылга чейин болуп келгендей, азыр бийликтегилер  шайлоо процессине  кийлигишпей тургандыгын, административдик  ресурстарды пайдалануу фактылары жана башка ар кандай  мыйзам бузуулар катуу жазаланаарын белгиледи. “Шайлоолорго  даярдык көрүү жана  өткөрүү боюнча республикалык штаб   менен укук коргоо органдары   бул сыяктуу маалыматтарга  дароо реакция жасоого милдеттүү.  Ошол эле учурда   шайлоолорго катышкан партиялардын лидерлери  алардын мойнундагы жоопкерчиликти толук түшүнүшү керек. Алар дагы таза шайлоо өткөрүүгө, шайлоочулардын тизмесин түзүү процессин жана алардын добуштарын эсептөөнүн ачык болушуна кызыкдар. Күч түзүмдөрү  тигил тараптан да, бул тараптан да мыйзам бузууларга  чечкиндүүлүк менен   чараларды көрөт деп эскертип  кетейин”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Өкмөт менен Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессинин катышуучуларына да, жалпы калк арасында дагы  маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев   алдыдагы шайлоолор эркин жана демократиялуу мамлекет курууга багыт алган өлкөнүн өнүгүшү үчүн тарыхый мааниге ээ экендигин баса белгиледи. 

Талкуунун  жыйынтыгы боюнча айтылган пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен  Коргоо кеңешинин мүчөлөрү  тиешелүү  чечим кабыл алышты.

 

2015-жыл 10-сентябрь