Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек  Атамбаевдин төрагалыгы алдында  бүгүн, 2015-жылдын 10-сентябрында Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлдү. 

Жыйында “Диний экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар тууралуу” маселе каралды.

Биринчи маселе боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын  орун басары Рустам Мамасадыков доклад жасады.  Докладчы  өлкөбүздө  мамлекетке, коомго жана жарандарга каршы терроризмдин жана экстремизмдин коркунучу жогорулагандыгын маалымдады. Ушул сыяктуу  кылмыштардын түрлөрүн аныктоо жана ага жол бербөө, терроризмге жана экстремизмге  каршы күрөштү күчөтүү  боюнча КР УКМК тарабынан көрүлүп жаткан чараларга токтолду. Рустам Мамасадыков белгилегендей, бул иштер Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жана  Борбордук Азия регионундагы, Афганистандагы террористтик жана экстремисттик бир катар уюмдардын  активдешүүсүн эске алуу менен жүргүзүлүп жатат.

Президент Алмазбек Атамбаев акыркы жылдары мамлекет  терроризмди жана экстремизмди болтурбоо, өлкөнүн жарандарын тиешелүү радикалдуу уюмдарга азгырып жалдоого жол бербөө максатында   диний саясат маселелерине өзгөчө көңүл буруп жаткандыгын баса белгиледи. Мамлекет башчысынын пикири боюнча  бул багытта  комплекстүү иш жүргүзүү зарыл, бардык мамлекеттик органдар  бул коркунучтарга каршы туруу үчүн бардык күч аракетин жумшоого  милдеттүү.

Кеңештин мүчөлөрү бул багыттагы  иштерди күчөтүү чечимин кабыл алышты. Жыйындын жыйынтыгы боюнча   экстремизмге жана терроризмге  каршы  күрөштүн натыйжалуулугун  арттыруу максатында  тиешелүү ченемдик-укуктук актыларга  өзгөртүүлөрдү киргизүү чечими кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө  мамлекеттик органдардын бул сыяктуу кылмыштарга каршы натыйжалуу  күрөшүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды  табууга, ошондой эле  укук коргоо органдарынын натыйжалуулугун арттырууга милдеттендирди.

Талкуунун  жыйынтыгы боюнча айтылган пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен  Коргоо кеңешинин мүчөлөрү  тиешелүү  чечим кабыл алышты.

2015-жыл 10-сентябрь