Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Иранга расмий сапарынын алкагында эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлду

Бүгүн, 2015-жылдын 5-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин  Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роухани  менен жолугушуусунун жыйынтыгы менен  эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлду.

Мамлекет башчыларынын катышуусунда төмөндөгү документтерге кол коюлду:

- Кыргыз Республикасынын Президенти  менен Иран Ислам Республикасына Президентинин биргелешкен билдирүүсү;

- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги менен Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министрлигинин ортосунда эки тараптуу консультациялар жөнүндө протокол;

- Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосунда эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө;

- Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министрлиги менен Иран Ислам Республикасынын энергетика министрлигинин ортосунда энергетика, гидроресурстар жана энергия тармагында кызматташуу жөнүндө меморандум;

- Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Иран Ислам Республикасынын айыл чарба министрлигинин ортосунда айыл чарба тармагында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;

- КР менен ИИР авиациялык бийликтеринин ортосунда  ниеттер жөнүндө протокол;

- ИИР телекөрсөтүү боюнча уюму менен КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум;

- КР Соода-өнөр жай  палатасы менен ИИР Соода, өнөр жай, тоо кен өнөр жайы жана айыл чарба боюнча палатасынын ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- КР тышкы иштер министрлиги менен ИИР тышкы иштер министрлигинин ортосунда консулдук консультациялардын жыйынтыктары боюнча протокол.

2015-жыл 5-сентябрь