Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев финансы министри Адылбек Касымалиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8- сентябрда финансы министри Адылбек Касымалиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө ушул жылга республикалык бюджеттин аткарылышы, ошондой эле бюджеттин киреше бөлүгүн камсыз кылуу боюнча аткарылып жаткан иштин башкы багыттары жана эмдиги жылга карата негизги финансылык документтин параметрлери талкууланды.

Финансы министри Мамлекет башчысына жүргүзүлүп жаткан бюджет саясатынын негизги аспектилери жана социалдык, транспорттук инфраструктураны каржылоонун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Президент Алмазбек Атамбаев республикалык бюджетти так жана ырааттуу аткаруунун маанилүүлүгүнө токтолуп, өлкө жарандарынын алдындагы баардык социалдык милдеттенмелердин өз учурунда аткаруу зарылдыгын баса белгиледи.

2015-жыл 8-сентябрь