Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин сөөгүн коюуну уюштуруу боюнча уюштуруу комитети түзүлдү

Бүгүн, 2015-жылынын 7-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Усубалиев Турдакун Усубалиевич каза болгондугуна байланыштуу анын сөөгүн коюуну уюштуруу боюнча уюштуруу комитети түзүлдү.

Мамлекет башчынын буйругуна ылайык, уюштуруу комитетин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев жетектейт.

Уюштуруу комитетине сөөк коюуну жана жарандык коштошуу ырасымын уюштуруу менен байланышкан маселелерди чечүү тапшырылды.   

2015-жыл 7-сентябрь