Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президенттин Аппараты: "Ташиевдин Аламүдүн жана Сокулук райондорунда кошумча шайлоо участоктору түзүлөт деген чындыкка дал келбеген билдирүүсү региондор ортосунда араздашуу жаратууга багытталган"

Жогорку Кеңешке депутаттыкка  «Республика-Ата-Журт» партиясынан талапкер Камчыбек Ташиевдин Ош шаарында шайлоочулар менен жолугушууда Аламүдүн жана Сокулук райондорундагы кошумча шайлоо участоктору  тууралуу билдирүүсүнөн улам Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү төмөндөгүлөрдү билдирет:

К.Ташиевдин провокациялык ой-жоруму коомчулукта кайсы бир «бийликтин партиясынын» электоратын көбөйтүү максатында  «Президенттин туулган жери болгон» атайын бир райондордо жаңы шайлоо участоктору түзүлүүдө деген ойду жаратууга багытталгандыгы анык. Бул билдирүүдө региондор аралык маселеге да басым жасалгандыгы сезилет.

Бирок, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын маалыматына таянсак, кошумча шайлоо участоктору Бишкек жана Ош шаардык аймактык шайлоо комиссияларында эле түзүлгөн. Чүй облусттук аймактык шайлоо комиссиясы боюнча кошумча шайлоо участоктору түзүлгөн эмес.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясында 39 жаңы шайлоо участоктору жаңы конуштарда түзүлгөн, алардын тургундары - Бишкек шаарында биометрикалык белгилерин тапшырган, өлкөнүн баардык облустарынан келген ички мигранттар. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү ким тарабынан болбосун Мамлекет башчысынын атын өз мүдөөсү үчүн пайдалануу - өтө орунсуз жосун деп эсептейт. Бул жогоруда аталган К.Ташиевге да тийиштүү.

Саясатчынын мындай ыплас ой-жоруму анын буга чейинки алган жаракатынын кесепети болушу мүмкүн экендигин түшүнөбүз, бирок бул дагы анын шайлоо учурунда болсо да акылга сыйбас жоругун актай албайт. Анын үстүнө, учурда Мамлекет башчысынын атын өз мүдөөсү үчүн пайдаланып, региондор аралык араздашууну тутантуу аракети тууралуу кеп болууда.

Кыргызстанда акыркы беш жылда ачык демократиялык шайлоолорду өткөрүү үчүн шарттар түзүлдү. Кыргызстан эли мындан башка да оң өзгөрүүлөрдү көрүп турат, аларды түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин ишмердүүлүгү менен байланыштырууда.  Мамлекет башчысынын Кыргызстандын баардык аймагындагы  кадыр-баркы жалпы элдик шайлоо менен бекемделген жана шайлоо участокторунун  санына, алар жайгашкан орунга көз каранды эмес.

«Республика-Ата-Журт» саясий партиясына жана башка бир катар саясий партияларга саясий күрөштүн ыплас ыкмаларын  пайдаланбоону, курулай каралоо жана популисттик бет тырмалыкка жол бербөөнү, этникалар жана региондор аралык мамилелерде от менен ойнобоону, шайлоо алдындагы үгүт ишин мыйзамга ылайык  таза өткөрүүнү сунуштайбыз. 

2015-жыл 7-сентябрь