Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев максатка ылайыктуулук боюнча кеңештин Төрагасы, Ирандын экс-Президенти Али Акбар Хашеми Рафсанджани менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 5-сентябрында,  Иран Ислам Республикасына расмий сапарынын  алкагында максатка ылайыктуулук боюнча кеңештин  Төрагасы, Ирандын экс-Президенти Али Акбар Хашеми Рафсанджани  менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев менен ИИР экс-Президенти Али Акбар Хашеми Рафсанджи   Кыргызстан менен Ирандын соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык  чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө багытталган реформалар, ошондой эле коррупцияга каршы күрөш туурасында айтып берди.

Алмазбек Атамбаев менен Али Акбар Хашеми Рафсанджи  кыргыз-иран эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.

2015-жыл 6-сентябрь