Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ирандын Межлисинин Спикери Али Лариджани менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 5-сентябрында,  Иран Ислам Республикасына расмий сапарынын  алкагында Ирандын Межлисинин Спикери Али Лариджани менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев менен Межлистин Спикери Али Лариджани Кыргызстан менен Ирандын ортосунда эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасы менен  Иран Ислам Республикасынын  тарыхында жана маданиятында жалпы нерселер көп экендигин белгиледи. “Бизди эркиндиктин жана көз карандысыздыктын духу  бириктирип турат”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент  4-октябрда Кыргызстанда өлкөнүн парламентине шайлоолор өткөрүлөөрүн маалымдады. “Бул шайлоолор Кыргызстан үчүн  абдан чоң мааниге ээ. Ошондуктан бул шайлоолор чындыгында  таза жана ачык айкын болсун деп аракеттенип жатабыз”,-деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Андан соң Мамлекет башчысы өлкөдө экономиканы өнүктүрүүгө багытталып  жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө айтып берди.

Ирандын Межлисинин Спикери өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаевдин Иранга расмий сапары Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы мамилелердеги жаңы доорду ачат деп билдирди.

Али Лариджани  Кыргызстандын экономикасындагы жакшы өзгөрүүлөрдү белгилеп өттү. “Өлкөнүн саясый жетекчилиги жакшы болбосо, экономикадагы прогресс ишке ашпайт”,-деди ал.

Межлистин Спикери  Кыргызстан менен Ирандын  ортосунда кызматташуунун 10 жылдык программасын биргелешип иштеп чыгуу ниетин колдоп, Кыргызстанда алдыда боло турган парламенттик шайлоолорду ийгиликтүү өткөрүүнү каалады.

Мамлекет башчысы Ирандын Межлисинин Спикерин расмий сапар менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды. “Сиз Кыргызстанда 2011-жылы болгон элеңиз. Бул мезгилдин аралыгында өлкөбүз катуу өзгөрдү. Мен сизди өлкөбүзгө келип, ошол  өзгөрүүлөрдү көрүп кетүүгө чакырам”, -деп Президент Ирандын Межлисинин  Спикерине кайрылды.

Андан тышкары, Президент Алмазбек Атамбаев менен Меджлистин Спикери Али Лариджани  эл аралык актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

2015-жыл 6-сентябрь