Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев менен Ирандын Президенти Хасан Роухани басма сөз үчүн билдирүү жасашты

Бүгүн, 2015-жылдын 5-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин  Иран Ислам Республикасына расмий визитинин алкагында Ирандын Президенти Хасан Роухани менен  Тегеран шаарындагы “Саадабад” ак сарайлар комплексинде сүйлөшүүлөрү аяктагандан кийин, эки мамлекеттин башчылары жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасашты.

Президент Алмазбек Атамбаев  Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роуханиге Иранга расмий сапар менен келип кетүүгө чакыргандыгы үчүн, иран тарапка меймандостугу жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазылык билдирди. “Элдерибизди эзелтен бери боордоштук жана достук  мамилелер байланыштырып турат. Кыргызстан менен Ирандын ортосунда  кыргыз-иран кызматташуусунун ырааттуу өнүгүшүнө тоскоол болгон эч кандай пикир келишпестиктер жана талаш маселелер жок”,-деди Мамлекет башчысы.

Президент  Кыргызстан менен Ирандын ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандан бери 23 жыл өттү, ошондон бери  биргелешкен аракеттер менен чыныгы достук, өз ара ишеним жараткан мамилелер түзүлүп, саясый, экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу  кызматташуу орнотулгандыгын эске салды. ”Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө  биз Президент Хасан  Роухани менен эки тараптуу кызматташуубузду  сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүүгө, өнүктүрүүнүн жаңы этабына чыгарууга макулдаштык”,-деди  Алмазбек Атамбаев.

Президент  Иран элин ирандык ядролук  программа  боюнча сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү аякташы жана тарыхий документ -«Ирандын ядролук программасынын  тегерегиндеги  кырдаалды жөнгө салуу боюнча  аракеттенүүнүн бардыгын камтыган пландын» кабыл алынышы менен куттуктады. “Иран жетекчилигинин саясий эрки болбогондо мындай маанилүү документке кол коюлмак эмес. Бул планды ишке ашыруу  Ирандын экономикалык өнүгүүсүнө, аймакта гана эмес, жалпы дүйнөдө  стабилдүүлүктүн, коопсуздуктун чыңдалышына өбөлгө болот деп ишенем. Ушул пландын кабыл алынышы, ошондой эле Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирликке кошулушу менен өз ара аракеттенишүүнүн жаңы мейкиндиктери ачылып жатат”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы белгилегендей,  Ирандын Президенти менен  эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун кеңири маселелери боюнча мазмундуу сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. “Бул жагдай  биздин мамилелерибиздин келечеги кең экендигин белгилеп турат”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаевдин айтымында  сүйлөшүүлөрдүн  жүрүшүндө «Кытай – Кыргызстан – Тажикстан- Афганистан – Иран» темир жолунун курулушу боюнча долбоорду ишке ашыруу маселелери деталдуу талкууланган. “Кыргызстан менен  Ирандын ортосунда  түз рейс ачуу маселеси дагы талкууланды. Иран тарапты Кыргызстанда  ири гидроэлектрстанцияларын куруу боюнча долбоорду ишке ашырууга катышууга чакырганымда колдоо тапканыма кубанычтуумун, анткени Иранда мындай тажрыйба бар”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы  Кыргызстан  Ирандын Шанхай Кызматташуу Уюмундагы статусун жогорулатуу ниетин жакшы бааларын белгиледи. “Ирандын ШКУга мүчө болуп кириши  жалпы экономикалык потенциалды күчөтүүгө өбөлгө түзүп, Уюмду өнүктүрүүгө өз салымын кошот деп эсептейм”,-деди Президент.

Президент Алмазбек Атамбаев  Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосунда кызматташуу программасын иштеп чыгуу боюнча макулдашууга жетишишкендигин кошумчалады. “Кыргызстан Евразия экономикалык бирлигине кошулгандан кийин  өлкөбүз  170 миллион керектөөчүсү бар рынокко чыгып жатат. Ушул жагдайдан улам  биз  ирандык ишкерлерди кызматташууга чакырабыз”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Сөзүнүн соңунда  Мамлекет башчысы  Ирандын Президенти Хасан Роуханини Кыргыз Республикасына расмий визит менен келип кетүүгө чакыргандыгы туурасында маалымдады. “Президент Хасан Роухани  Кыргызстанга   расмий визит менен  келип кетүү жөнүндө чакырууну кабыл алгандыгына  кубанычтуумун”,-деп Алмазбек Атамбаев ирандык тарапты меймандостугу жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ирандын Президенти Хасан Роухани өз кезегинде “иран ядролук программа боюнча макулдашууга жетишүү  Иран үчүн  Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташууну кеңейтүүгө жол ачаарын” белгиледи.

Андан тышкары Хасан Роухани “Кыргызстан менен Ирандын ортосунда  соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-техникалык чөйрөдө жана коопсуздук тармагында кызматташууну кеңейтүүгө зор мүмкүнчүлүктөрү бар” экендигин баса белгиледи.

Ирандын Президенти ошондой эле  Ирандын  Кыргызстанда ГЭСтердин курулушу боюнча долбоорду ишке ашырууга кызыктар экендигин билдирди. “Иран   Кыргызстанда  ГЭСтердин курулушу үчүн инженердик-техникалык шарттарды берүүгө даяр”,- деди Хасан Роухани.

Президент  темир жолдорду жана автомобиль жолдорун куруунун маанисин белгилеп, Иран  Кыргызстанга  өлкөдөгү деңиз портторуна чыгууга мүмкүнчүлүк берүүгө, демек, Кыргызстандын деңизге чыгуусун камсыз кылууга даяр экендигин билдирди.

2015-жыл 5-сентябрь