Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев менен Ирандын Президенти Хасан Роухани кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү

Президент Алмазбек Атамбаев менен Ирандын Президенти Хасан Роухани кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Иранга болгон расмий визитинин алкагында бүгүн, 5-сентябрда Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роухани менен кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Сүйлөшүүлөр Тегеран шаарындагы «Саадабад» ак сарайлар комплексинде өткөрүлдү.

Президент Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө Иран Президенти Хасан Роуханиге жылуу тосуп алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. «5000 жылдык тарыхы бар Иранга расмий сапар менен чакырганыңызга ыраазычылыгымды билдирем. Ар бир өлкө эле мындай бай тарыхы менен сыймыктана албайт», - деди Мамлекет башчысы.

Президент Иран Президенти Хасан Роухани менен мындан эки жыл мурда Бишкекте жолуккандыгын, анда кызматташуунун ар кыл багытындагы эки тарапка тең пайдалуу долбоорлор талкуулангандыгын эске салды.

Мамлекет башчысы иран тарапты «Ирандын ядролук программасынын  тегерегиндеги  кырдаалды жөнгө салуу боюнча  аракеттенүүнүн бардыгын камтыган пландын» кабыл алынышы менен куттуктады. «Бул окуя Иран жетекчилигинин саясий эрки болбосо, ишке ашмак эмес. Биз жетишилген макулдашуулардын баардыгынын ийгиликтүү ишке ашуусуна жана Ирандын натыйжалуу өнүгүүсүнө тоскоолдук жараткан эл аралык санкциялардын эртерээк алынып салынышына кызыкдарбыз», - деп билдирди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы өлкөлөр ортосундагы байланыштарды активдештирүү зарылдыгын баса белгиледи.

Ирандын Президенти Хасан Роухани өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаевди жылуу кабылдап, Кыргызстан менен Иран тарыхый жана маданий тамыры бир деп белгиледи. «Биз эки өлкө оросундагы кызматташууну тереңдетүүгө эч кандай тоскоолдуктар жок деп эсептейбиз», - деп билдирди Хасан Роухани.

Ирандын Президенти Кыргыз Республикасына эл аралык уюмдардын алкагындагы активдүү өз-ара аракеттенишүүсү жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Алмазбек Атамбаев менен Хасан Роухани эки тараптуу мамилелердин дагы башка актуалдуу маселелерин, биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну жана Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун келечегин талкуулашты.

2015-жыл 5-сентябрь