Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Социалдык фонддун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 7-сентябрында  Социалдык фонддун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы Социалдык фондунун учурдагы ишмердүүлүгү, пенсиялык камсыздандыруунун абалы жана пенсияга төлөмдөрдү каржылоо маселелери тууралуу маалымат алды.

Мухамметкалый Абулгазиевдин айтымында, ушул жылдын 10-сентябрынан тартып пенсионерлер жогорулатылган пенсия ала башташат. Пенсиянын орточо өлчөмү жогорулатылгандан кийин 4817 сомду түзөт.

Мамлекет башчысы Социалдык фонддун төрагасы менен жарандарга адилет мамилени камсыз кылууга багытталган пенсиялык камсыздандыруу системасын реформалоонун артыкчылыктуу багыттарын да талкуулады.

Президент Алмазбек Атамбаев социалдык милдеттенмелерди сапаттуу аткаруу мамлекеттин биринчи кезектеги милдети экендигин айтты. Президент пенсиялык камсыздандыруу системасын мындан ары да реформалоонун зарылдыгын баса белгиледи, ал системанын туруктуулугун жогорулатып, жарандарды татыктуу пенсия менен камсыздоонун кепилдиги болушу керек.

2015-жыл 8-сентябрь