Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Ирандын Президенти Хасан Роухани менен жолугушуусунун расмий аземи өткөрүлдү

Бүгүн, 2015-жылдын 5-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин  Иран Ислам Республикасына расмий визитинин алкагында Мамлекет башчыбыздын Ирандын Президенти Хасан Роухани  менен  жолугушуусунун расмий аземи Тегеран шаарындагы «Саадабад» ак сарайлар комплексинде өткөрүлдү.

Президент Алмазбек Атамбаевди «Саадабад» ак сарайлар комплексинин «Джумхури» имаратынын алдында Ирандын Президенти Хасан Роухани   тосуп алды. Мамлекет башчыларынын өз ара учурашуусунан кийин Кыргыз Республикасынын жана Иран Ислам Республикасынын  гимндери аткарылды.

Андан соң Президент Алмазбек Атамбаев менен Президент Хасан Роухани  Ардактуу кароолдун ротасынын катарын кыдырып чыгышты.

Расмий  жолугушуу аземинен кийин Мамлекет башчылары тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев менен Ирандын Президенти Хасан Роухани эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин, ошондой эле  Кыргызстан менен Ирандын ортосунда соода-экономикалык кызматташуунун мындан аркы келечегин жана биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

2015-жыл 5-сентябрь