Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “Дүйнө элдеринин эпостору” III эл аралык эпикалык маданий фестивалын өткөрүүгө 1 миллион сом бөлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, 2015-жылдын сентябрында “Дүйнө элдеринин эпостору” III эл аралык эпикалык маданий фестивалын өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине финансылык колдоо көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин социалдык коргоо жана колдоо фондунан 1 000 000 (бир миллион) сом  бөлүндү.

2015-жыл 4-сентябрь