Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кытай Эл Республикасына иш сапарынын жүрүшүндө эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлду

Бүгүн, 2015-жылдын 2-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин  Кытай Эл Республикасына  иш сапарынын алкагында  Пекин шаарында эки тараптуу документтерге кол коюу аземи өткөрүлдү.

Мамлекет башчыларынын жана эки өлкөнүн Өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда “2015-2025-жылдары Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын  ортосунда кызматташуу программасы” кабыл алынды.

Мындан тышкары Мамлекет башчыларынын жолугушуусунун жыйынтыгы менен төмөндөгү документтерге кол коюлду:

-“2015-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда чектеш чек араларда кызматташуу программасы”;

-“Кайтарылгыс грант берүү боюнча техникалык-экономикалык кызматташуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу”

-“2016-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министрлигинин ортосунда  кызматташуу программасы”

Кыргыз тараптан документтерге Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен Кыргыз Республикасынын экономика министри  Олег Панкратов кол коюшту. 

2015-жыл 2-сентябрь