Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинь менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2015-жылдын 2-сентябрында, Кытай Эл Республикасына иш сапарынын алкагында Пекин шаарында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинь менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн өнүгүү динамикасы жогору экендигин белгилешти.

Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге  Кытайга иш сапар менен келип, кытай элинин Антияпондук согуштагы жеңишинин жана Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 70 жылдыгына  арналган иш чараларга катышууга чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. “Кытай  тарап өткөрүп жаткан зор иш чаралар  Кытай тарыхка, муундардын байланышына канчалык чоң маани берээрин жана тарыхын кастарлап, алдыга кадам шилтөөгө умтулуусун далилдейт”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы  Кыргызстан Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде Советтер Союзунун курамында  Кытай менен бир фронтто болгондугун эске салды. “Элдерибиз, өзгөчө кытай эли  бул кандуу согушта эң көп жоготууларга учураган. Эртең өтө турган Парад элдерибиздин  эрдигине жана каармандыгына таазим жана терең ыраазычылык болуп  саналат”,-деп билдирди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев  Улуттук гвардиянын параддык бөлүгүнүн жоокерлери Тяньаньмэнь  аянтында Жеңиш парадына катышып жаткандыгына  канааттангандыгын билдирди. ”Бул жоокерлерибизде, армиябызда биримдиктин духун, каарман боордоштуктун духун тарбиялайт”,-деди Алмазбек Атамбаев.

КЭР Төрагасы  өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаевди жылуу тосуп алды. “Сиз менен Пекинде дагы бир ирет жолугушканыма абдан кубанычтуумун. Кытай элинин япон баскынчыларына каршылык көрсөтүү согушундагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чараларга катышуу үчүн Кытайга кош келиңиз”,-деди Кытайдын Төрагасы.

Си Цзиньпинь мындан 70 жыл мурда “кытай эли кан төгүп, айыгышкан күрөш жана зор жоготуулар менен япон баскынчыларына  каршылык көрсөтүү согушунда улуу жеңишке жетишкендигин жана  жалпы дүйнөлүк  антифашисттик согушка олуттуу салым кошкондугун” белгиледи. «Кыргызстан  жана Советтер Союзунун башка боордош өлкөлөрү кытай тарапка абдан баалуу колдоо жана жардам көрсөткөн. Биз аны эч качан унутпайбыз», - деп баса белгиледи ал.

КЭР Төрагасы  Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Шанхай шаарында жана Душанбе шаарында эки ирет жолугушкандыгын эске салды. “Биз абдан маанилүү макулдашууларга жетиштик. Акыркы жылдары ошол макулдашуулар аткарылып жаткандыгын кубануу менен белгилейм. Биздин стратегиялык өнөктөштүгүбүз андан ары чыңдалды, жаңы мазмун менен байытылып, мурдагыдан дагы жашоого ийкемдүү болуп калды”,-деп баса белгиледи Си Цзиньпин.

Президент Алмазбек Атамбаев ошону менен бирге Жибек жолунун экономикалык алкагын түзүү боюнча КЭР Төрагасынын демилгесин алга жылдыруу жана Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирликке кошулуусунун алкагында   өлкөлөрүбүздүн ортосунда соода-экономикалык кызматташуунун жаңы контурлары түзүлүп жаткандыгын белгилеп өттү. ”Биз Жибек жолунун алкакчасын Евразиялык экономикалык бирлиги менен айкалыштыруу идеясын колдойбуз. Бул  идея  биргелешип өнүгүүгө жакшы шарт түзүп, бул процесстин катышуучуларына өз ара пайда алып келет  деген ойдобуз”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Евразиялык экономикалык бирликти  Жибек жолунун жаңы алкакчасы  менен айкалыштыруунун алкагында жаралган мүмкүнчүлүктөрдү  кыйла натыйжалуу жана  сарамжалдуу пайдалануу үчүн Мамлекет башчысы  сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Кыргызстандын жана Кытайдын Өкмөттөрүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ар тараптан  изилдеп чыгып, биргелешкен аракеттер боюнча тиешелүү жол картасын иштеп чыгууга милдеттендирүүнү сунуштады.

Президент  ошону менен бирге  инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн Кытай жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Тараптар  Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда өз ара пайдалуу өнөктөштүктү чыңдоо үчүн эки тараптуу соода-экономикалык кызматташууну  кеңейтүүнүн жана тереңдетүүнүн маанисин белгилешти.

Президент Алмазбек Атамбаев  менен  Төрага Си  Цзиньпинь эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө канааттануусун, кыргыз-кытай стратегиялык кызматташуунун бардык багыттары боюнча өз ара активдүү  аракеттенишүүнү улантууга даярдыгын билдиришти.

2015-жыл 2-сентябрь