Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасына иш сапар менен келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2015-жылдын 1- сентябрында, Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарына иш сапар менен келди.

Иш сапардын алкагында Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуп,  кыргыз-кытай эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү маселелерин талкуулайт. Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча   бир катар биргелешкен документтерге кол коюлат.

Мамлекет башчысы ошондой эле  Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган иш чараларга, Тяньаньмэнь аянтындагы Жеңиш парадына катышат.

2015-жыл 1-сентябрь